2025-жылдын 5-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын эл акыны Омор Султановдун 90 жылдык жана КУУнун 100 жылдык мааракелерине арналган “Кыргыз поэзиясынын Ак жол, Көк асманы” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Иш–чара Жусуп Баласагын атындагы КУУ жана УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулду.
Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, акындын чыгармачылыгы кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеп, ал өз мезгилинин чыгаан акыны катары тарыхта калганын баса белгиледи. Андан соң Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы, КР эл жазуучусу С.Раев, УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын А.Акбаров, коомдук ишмер Ч.Өмүралиев, филология илимдеринин доктору, профессор А.Кацев акындын адамдык жана чыгармачылык өзгөчөлүгү жөнүндө кызыктуу эскерүүлөрүн, ойлорун ортого салышты.
Ал эми конференциянын негизги илимий баяндамачылары филология илимдеринин доктору, профессор, академик О.Ибраимов “О.Султанов – улуттук поэзиянын новатору”, филология илимдеринин доктору, профессор К.Мамбеталиев “Омор Султановдун поэзиясы орус тилинде”, белгилүү публицист, адабиятчыЭ.Нурушев “Омор Султановдун поэтикалык доору”, филология илимдеринин доктору, профессор Ү.Култаева “О.Султановдун поэзиясындагы “убакыт” концептинин көркөм интерпретациясы” деген темаларда терең мазмундагы баяндамаларын жасашты.
Иш-чарага Молдова Республикасынан акын, жазуучу, академик Тодур Занет, Түрксой Жазуучулар союзунун төрагасы, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген кайраткери, Омор Султанов атындагы Эл аралык поэзия академиясынын мүчөсү Улыкбек Есдаулет видео – куттуктоо сөзүн жөнөтүшсө, Татарстандык акын, филология илимдеринин кандидаты Ленар Шаех “Поэзия Омора Султанова в переводе на татарский язык”, Түркиянын Анкара шаарындагы Караманоглу Мехметбай университетинин доценти, доктор (PhD) Кемаль Гөз “О.Султановдун “Ак жол, көк асман” повестинде көркөм образ түзүү маселеси” деген илимий баяндамаларын онлайн түрүндө жасашты.
Конференциянын модератору кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор К.Абакиров болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Омор Султановдун 90-жылдыгына арналып чыккан жаңы эки китептин бет ачаары болду. Студенттер акындын ырларын көркөм окушту. Акынга арналган иш-чара өз ишин секциялык бөлүгүндө улантып, акындын чыгармачылыгы жана аны окутуудагы, изилдөөдөгү айрым маселелер кызуу талкууга алынды.
Илимий – практикалык конференциянын аягында О.Султановду “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” наамына сунуштоо демилгеси көтөрүлүп, катышуучулардын колдоосуна ээ болду.
(С) С.Исаева – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к.
