2025-жылдын 29-октябрында Кыргызстандагы жөө жүрүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Нурболот Эсенкожоев менен бирикменин мүчөлөрү География, экология жана туризм факультетинин “Туризм” багытында окуган 2 курс студенттерине конок лекция өтүштү.

Туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Байсеитова М.Р. студенттерге келген конокторду тааныштырып, сөз баштап берди. 

Нурболот Эсенкожоев өзү жетектеген уюм, алып барып жаткан иштери, Кыргызстанга келген туристтердин саны, кайсы багыттар боюнча кызыгуулар болгондугун баяндап, «Экологиялык бир таман жол» тууралуу кызыктуу маек куруп берди. Андан ары ал тоо туризминде колдонулуучу шаймандар, палатка, газ баллон, примус, каримат, уктоочу капты практика жүзүндө көргөзүп, туура пайдалануу жолдорун айтып берди. Лекциянын аягында студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын башчысы Курманбек Нарынбек уулу лекторго жана уюмдун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады жана мындан ары да чогуу иш алып бара берели деген тилегин билдирди.

Активдүү эки студентти Нурболот мырза ишемби күнү Аламүдүн капчыгайында боло турган турга акысыз алып барып келүүнү сунуштап, студенттердин окууларына ийгилик каалады жана кафедранын жамаатына ыраазычылык билдирип, «Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү» тууралуу китептерди белек кылды.

(С) Байсеитова М. Р. – Туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу  

Добавить комментарий