2025-жылдын 16-октябры күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик заказын аткаруу алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде илимий-изилдөө иши боюнча тегерек стол болуп өттү.

Илимий изилдөө иштин  темасы: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда компетенттүүлүк ыкмасын иштеп чыгуу модели».

Тегерек столго мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү, илимий-изилдөө ишинин жетекчилери жана аткаруучулары, ошондой эле чакырылган адистер катышты (КРнын   Министрлер Кабинетине караштуу МКжЖӨАБ мамлекеттик агенттигинин адиси –Омокеев Улан Абдиевич,   эксперттер: Третьяков А.В., Эсенбаев Б. ж.б.).

Иш-чараны К.Ж. Базакеева, КУУнун проректору, жана Г.А. Нурматова, илимий-изилдөө ишинин жетекчиси, ачып беришти.

Жыйында илимий иштин максаттары, милдеттери жана алдын ала жыйынтыктары сунушталып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда компетенттүүлүк ыкмасын киргизүүнүн өзөктүү маселелери талкууланды.

А.Ж. Жолонбаева мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында 2025-жылдын 15-октябрына карата жүргүзүлгөн онлайн-сурамжылоонун жыйынтыктарын сунуштап, алынган маалыматтар кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү жана окутуу муктаждыктары боюнча маанилүү тенденцияларды көрсөтөрүн белгиледи.

Жыйынтыгында тегерек стол конструктивдүү жана жыйынтыктуу мүнөздө өтүп, күн тартибиндеги маселелер толук ишке ашырылды.
Катышуучулар илимий-изилдөө ишин белгиленген план боюнча улантуу жана сунуштарды эске алуу менен аналитикалык отчетту даярдоо боюнча макулдашышты.

Жыйынтыгында тегерек стол конструктивдүү жана жыйынтыктуу мүнөздө өтүп, күн тартибиндеги маселелер толук каралып, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды 

(С) Нурматова Гулсайра – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу билим берүү программасынын жетекчиси

Добавить комментарий