2025-жылдын 17-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик заказын аткаруу алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде илимий-изилдөө иши боюнча тегерек стол болуп өттү.
Илимий изилдөө иштин темасы: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасындагы кадрдык резервдин иштешинин көйгөйлөрү жана келечеги».
Тегерек столго мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү, илимий-изилдөө ишинин жетекчилери жана аткаруучулары, ошондой эле чакырылган адистер катышты: КРнын Министрлер Кабинетине караштуу МКжЖӨАБ мамлекеттик агенттигинин адиси Омокеев Улан Абдиевич, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттигинин жетектөөчү адиси Кайназарова Диана Кутманалиевна, эксперт Айыльчиев Замир Айыльчиевич, КРнын Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы Керимбекова Назгуль Кочкорбаевна, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм жетекчиси Аскатова Айзада Аскатовна, Бишкек шаардык мэриясынын бөлүмүнүн башчысы Бараков Данияр Нурланбекович, Исланова Рахат Усенбековна, Нурматова Гулсайра Асановна, Асанбаева Гульзана Жумаалиевна.
Иш-чараны Кулназаров Айбек Жоробекович, илимий-изилдөө иштин жетекчиси, ачып беришти.
Жыйында илимий иштин максаттары, милдеттери жана алдын ала жыйынтыктары сунушталды.
Жыйынтыгында тегерек стол конструктивдүү жана жыйынтыктуу мүнөздө өтүп, күн тартибиндеги маселелер толук ишке ашырылды.
Катышуучулар илимий-изилдөө ишти белгиленген план боюнча улантуу жана сунуштарды эске алуу менен аналитикалык отчетту даярдоо боюнча макулдашышты.
(С) Кулназаров Айбек Жоробекович – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу билим берүү программасынын ага окутуучусу