2025-жылдын 15-октябрында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогика институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка – 100 кабинет” демилгесинин алкагында окуу жайды негиздеген педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Ч.Исамидиновдун урматына психология  кабинети ачылды.

Кабинетте атайын кесипкөй адистер тарабынан бөлүмдүн мугалимдерине жана студенттерине акысыз психологиялык кеңеш берилет.

Эскерте кетсек, Университеттин колледждери, орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрү аккредитациядан өткөндө атайын психология кабинети болуш керектиги айтылган.

(С) Асыранбекова Самара – окутуучу

Добавить комментарий