Социалдык гуманитардык институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Раимкулова Ажарбубу Супуровна 2025-жылдын 8-9 – октябрь күндөрү Манас шаарында жайгашкан Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болду.
КУУнун профессору ЖАМУнун жаш мугалимдерине жана аспиранттарына «Заманбап окутуу технологиялары» аттуу конок лекция окуп, педагогика кафедрасындагы «Болочок мугалимдердин инструменталдык компетенцияларын малыматтык технологиялардын негизинде өркүндүүтүүнүн системалары» аттуу диссертациянын талкуусуна катышты.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректораты тарабынан профессор А.С.Раимкуловага Ыразычылык кат тапшырылды.
(С) Жолдошева А.Ш. – с.и.к., доцент




