2025-жылдын 13-октябрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин Кубогу үчүн корей тилиндеги дебаттык турнир болуп өттү. Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан иш-чараны Корея Элчилиги өлкөдөгү бир катар жогорку окуу жайлары менен биргеликте уюштурду.

Турнирдин негизги максаты — студенттердин жана жаштардын корей тилин билүү деңгээлин, логикалык ой жүгүртүү жана сүйлөө жөндөмдөрүн өркүндөтүү, о.э. Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.

Бул маанилүү иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар катышып, финалдык этапка курамы 2 студенттен турган 14 команда чыкты.

Турнирге Чет тилдер институтунун ЛК-1-22 тайпасынын студенттери Жумакадырова Кундуз жана Турдубекова Бегайым катышып, 2-орунду ээлешти. Студенттерди сынакка даярдаган мугалим — Со Хен Джон.

Бул ийгилик — институттун студенттеринин корей тилин өздөштүрүүдөгү жигердүүлүгүн жана окутуучулардын сапаттуу эмгегин далилдеген маанилүү жетишкендик болуп калды.

Корея Элчисинин Кубогу үчүн болгон дебаттык турнир Кыргызстанда корей тилиндеги дебат маданиятынын жаңы барагын ачып, студенттер үчүн өз оюн эркин айтууга жана маданият аралык байланыштарды бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты.

(С) Байболотова Ж.Т. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий