2025-жылдын 15-сентябрында М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине «Окуу-тарбия иштеринде түрк элдеринин этнопедагогикалык потенциалын пайдалануу», «Чыңгыз Айтматов жана Мустай Каримдин адабий мурастарындагы нравалык багыттар жана салттуу баалуулуктар» темалары боюнча жалпы көлөмү 72 саат болгон квалификацияны жогорулатуу курсу башталды.

Курстун тренерлери:

  • Н.А.Хуббитдинова – Башкыр  мамлекеттик педагогикалык университетинин Башкыр фольклору илимий изилдөө борборунун жетекчиси;
  • Р.А.Султангараева – Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин Башкыр фольклору илимий изилдөө борборунун башкы илимий кызматкери;
  • А.Ю.Куланчин – Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин түрк жана чыгыш филологиясы кафедра башчысынын милдетин аткаруучу.

Курстун сабактары башталаар алдында М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинен келген коноктор КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиевдин кабыл алуусунда болуп, жылуу пикир алышышты. 

(С) Адилет Самсалиев – кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун башкы адиси

Добавить комментарий