Академик А.А. Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.м.и.д., профессор, Скопустагы Хирш индекси h=8 болгон окумуштуу-математик Бекболот Канетов 2-10 сентябрь күндөрү Азербайжан, Турция жана Македония өлкөлөрүндө иш сапары менен болуп келди.

Иш сапардын негизги максаттары төмөнкүлөр болду:

  1. Ректор Д.Т.Чонтоевдин демилгеси менен түптөлүп жаткан англис тилиндеги математика илими боюнча “Journal of Mathematical Studies” аталышындагы илимий журналдын ишмердүүлүгүн күчөтүү;
  2. Ректор Д.Т.Чонтоевдин үстүбүздөгү жылдын июнь айында кафедралардын профессордук-окутуучулук курамы менен болгон жолугушуусунда так жана өзгөчө белгилеген маселелерди чечүү: илимий коллаборация, академиялык мобилдүүлүк, эл аралык долбоорлор, Хирш индексин жогорулатуу.    

Иш сапары Баку мамлекеттик университетинде башталды. Азербайжан илимдер академиясында өткөн “The XII International Scientific Conference. Modern Problems of Mathematics and Mechanics”   аталыштагы илимий конференцияда “Selection Principles in Topological Groups” аталыштагы баяндама жасагандан кийин профессор Б.Канетов Азербайжанда математика боюнча чыгып жаткан Скопус базасында индекстелген “Transactions issue mathematics National Academy of Sciences Azerbaijan” жана “Proceedings of the Institute of Mathematics and Mechanics” журналдарынын редакторлору проф. С. Байрамов, В. Исмаилов жана Ф. Абдуллаев менен бул журналдардын кантип скопуста Q2 квартилдерге жана жогорку импакт факторлорго жетишкендиктери жөнүндө кенен сүйлөшүштү жана жыйынтыгында алар көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Андан кийин профессор Б.Канетов Турциянын Стамбул шаарындагы Малтепе университетинде өтүп жаткан эл аралык математика боюнча “ICMS-25” аталыштагы конференциянын ишине катышып, “About Pre-Lindelof Mappings” аталыштагы баяндама жасады. Баяндама илимий комитеттин чечими менен Скопуста индекстелген Бразиля өлкөсүнөн чыкчу “Boletimda Sciedade Paranaense de Matematica” журналына сунушталып сертификат тапшырылды.

Кийинки сапар Македониянын Охрид шаарында өткөн “TAA – 25” эл аралык конференциянын ишине катышуудан башталды. Анда профессор Б. анетов “Selection Principles in Uniform Spaces and Mappings” аталыштагы илимий баяндама жасап бир топ суроолорго таамай жоопторду берип катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Бул илимий баяндаманын кенейтилген вариантын конференциянын секциялык ишинин төрагасы жана Kragujevac Journal of Mathematics журналынын редактору Д.Баралич аталган журналга чыгартууга сунуштады. Конференциянын жүрүшүндө Д. Баралич менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болуп журналдын ишмердүүлүгү жөнүндө кенен сүйлөшүштү. Ал кызматташууга ар дайым даяр экендигин айтты. Айта кетсек “Kragujevac Journal of Mathematics” дүйнөлүк математикалык журналдардын көч башында туруп Scopus жана Web of Science базаларында индекстелинет жана аталган эки база да тең Q1 квартилге ээ экендигин айтып коюу ашыкча болбойт деп ойлойбуз. Ошол эле конференциянын жүрүшүндө Скопус базасында Q2 квартилге ээ болгон Filomat журналынын негиздөөчүсү жана азыркы убактагы редактору Л. Кочинац менен дагын сүйлөшүлүп ал негизделип жаткан журналга көмөктөшүү оюн айтып ийгилик каалады.

Македониялык математиктер Н.Шекутовский, З.Мисажлески, словакиялык математиктер Л.Хола, М.Матеждес, Б.Новотний  жана Турциялык математик С.Озчак  менен функционалдык мейкиндиктер, бир калыптуу мейкиндиктер жана тандоо принциптер боюнча биргеликте илимий макалаларды чыгаруу жана эл аралык проектер боюнча иштөө макулдашылды.

Дагы бир жагымдуу жагдай – грек математиги Д.Георгиоу Эрасмус программасынын алкагында профессор Б.Канетовду Патр университетинин студенттерине топология боюнча лекция окуп кетүүгө чакырды.

(С) Б.З.Рахманкулов – ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий