2025-жылдын 19-20-август күндөрү Улуттук университеттин окутуучу-профессордук курамы Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор (ICMPD) жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минитстрлигинин миграциялык ресурстук борбору (МРБ) тарабынан ТОТ (Train of Trainers) форматында өткөрүлгөн “Кыргызстандан кетип жаткан мигранттар үчүн жумшак көндүмдөрдү окутуу модулу боюнча тренерлерди окутуу” аталышындагы тренингге катышты.

Тренингдин негизги максаты – потенциалдуу мигранттарга жумшак көндүмдөрдү өнуктүрүү боюнча сессияларды өткөрүүдө колдоо көрсөтө турган тренерлерди даярдоо жана окутуучуларга даяр билим берүү модулун берүү. Бул модул келечекте студенттерди окутууда кенири колдонууга ылайыкталып, билим берүү процессине интеграцияланышы мүмкүн.

Бул көндүмдөр мигранттарга чет өлкөдөгү профессионалдык чөйрөгө ийгиликтүү ыңгайлашууга, баарлашууну, стрессти башкарууну жана конфликтерди чечүүнү жакшыртууга жардам берет. Катышуучулар бул билимди максаттуу аудиторияга эффективдүү жеткире алышы үчүн модул окутуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.

Студенттерди потенциалдуу эмгек мигранттары катары карасак, анда алардын Кыргызстандын ичинде же чет өлкөлөрдө жаны жумуш ордуна ийгиликтүү ынгайлашуусу үчүн “ийкемдүү” (социалдык) көндүмдөр боюнча билимге жана практикалык даярдыкка ээ болуусу маанилүү. Бул көндүмдөргө натыйжалуу баарлашуу, командада иштөө, конфликтерди жөнгө салуу, лидерлик саппар, жеке каржыны башкаруу жана башка эмгк базарында керектелген көндүмдөр кирет.

Тренингге катышкан окутуучу-профессордук курамдын тизмеси:

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунан:

  • Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич – социология илимдеринин кандидаты, доцент, ИСГНдин директору;
  • Малтабаров Бакытбек Амирович – социология илимдеринин кандидаты, доцент, социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы;
  • Асангулова Жанагул Эсенгелдиевна – социология илимдеринин кандидаты доцент;
  • Кошбакова Батма Муктаровна – социология илимдеринин кандидаты, доцент.

Тарых жана чөлкөм таануу институтунан:

  • Чодолдоева Гүлзат Жунушовна – тарых илимдеринин кандидаты, доцент;
  • Токтосунов Тилек Жакыпович – улук окутуучу.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинен:

  • Төрөгелдиева Эльвира Эсенболовна – улук окутуучу.

Добавить комментарий