2025-жылдын 27-июнь күнү Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1985-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуу кечеси болуп өттү.
Иш-чараны институттун директору Туратбек Сырдыбаев ачып, бүтүрүүчүлөрдү жылуу куттуктады. Андан соң, өз учурунда бул бүтүрүүчүлөргө сабак берген профессорлор Жыргал Момбекова, Жаныбек Жакыпбеков, доцент Мархамат Исабекова, ага окутуучу Бурул Жалиева жана Юрий Подкуйко сөз сүйлөп, өткөн күндөрдү эстеп, студенттик жылдарга байланыштуу кызыктуу окуялар менен бөлүшүп, бүтүрүүчүлөрдүн мындан аркы иштерине жана жашоосуна ийгиликтерди каалашты.
Кеченин жыйынтыгында, 1985-жылдын бүтүрүүчүлөрү Тарых жана чөлкөм таануу институтуна керектүү жана актуалдуу китептердин жыйнагын белекке беришти.
Өткөн иш-чара студенттик достуктун бекемдигин, муун ортосундагы байланыштын үзүлбөстүгүн жана Тарых жана чөлкөм таануу институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн өздөрүнүн окутуучуларына болгон урмат-сыйын дагы бир жолу далилдеди.
Эскерте кетсек, бул бүтүрүүчү курста археология, этнология, булак таануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти т.и.к., Алымбек Кушубеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяз Молдокасымов, УИАнын илимий кызматкери, т.и.д., Амантур Жапаров сыяктуу белгилүү, көрүнүктүү инсандар окуган.
(С) Айдар Шейшенов – институттун директорунун орун басары











