Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген 2025-жылдын май айындагы расмий эс алуу күндөрүндө математика жана информатика институтунун 1-курс студенттери Токмок шаарынан алыс эмес жайгашкан “Гавайи” эс алуу паркына барып келишти.

Аталган паркта эс алуу үчүн бардык шарттар бар экенин көргөн студенттерде ал жерден алыс эмес жайгашкан “Бурана” комплексинде да заманбап шарт түзүү зарыл экендиги жөнүндө ой туулду.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин бош убактысын маданий эс алуу үчүн туура колдонуу, Кыргызстандагы табигый жана жасалма эс алуу чөйрөсү менен таанышуу, студенттер арасында достукту, биримдикти бекемдөө, табиятты таза кармоо жана коомдук жайларда өзүн маданиятуу алып жүрүү маданиятын үйрөтүү болчу.

Эс алууга келишкен студенттер бүгүнкү саякат сабактагы күнүмдүк чыңалуудан жана психологиялык чарчоодон арылууга жардам берерин, сессияга, экзамен жана окуу жүгүнө даярдыкты жеңилдетерин баса белгилеп кетишти.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий