2025-жылдын 29-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери Бишкек шаарындагы Маариф билим берүү комплексинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган маанилүү эл аралык иш-чарага катышып келишти.
Иш-чаранын расмий бөлүгү катышуучулардын каттоосу, тааныштыруу жана кофе-брейк менен башталып, модератор иш-чаранын жүрүшү тууралуу маалымат берип, программаны ачып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрүн төмөнкү кадырлуу коноктор сүйлөдү:
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Кемелович Мамбеталиев;
- Ислам кызматташтык уюмунун жаштар форумунун президенти Таха Айхан;
- Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын спикери, профессор, доктор Нуман Куртулмуш иш-чаранын башкы ардактуу коногу катары катышып, студенттер жана жаш лидерлер менен терең жана мазмундуу ойлорун бөлүштү.
Жыйын соңунда катышуучуларга суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, активдүү талкуулар жүрдү.
Бул иш-чара студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, түрк жана мусулман өлкөлөрүнүн билим берүү жана маданий байланыштарын тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири катары бааланды.
Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн 1-курсунун студенттерин бөлүмдүн окутуучулары Молдобаева А.Т. жана Тилабердиева С.Б. жетектеп барышты.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы ф.и.к., доц.


