2025-жылдын 12-майында химия жана химиялык технологиялар факультети менен биология факультетинин окутуучуларына жана студенттерине Сырлыбаев Кадыр Акчабай уулунун атындагы стипендия ташырылды.
Окууда мыкты ийгиликке жетишкен, коомдук иштерде активдүү катышкан жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулган стипендия ушул факультетти 1966-жылы ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчү Сырлыбаев Кадыр Акчабай уулунун урматы үчүн уюштурулуп, аны үй-бүлөсүнүн атынан уулу Сырлыбаев Канат Кадырович Казакстан Республикасынан атайын келип тапшырып, студенттерге дагы дем берип кетти. Канат Кадырович өзү дагы химия менен биология сабактарын эң мыкты баа менен аяктаганын айтып, жаштарды билимге жана илимге өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Химия жана химиялык технологиялар факультети менен биология факультетинин жамааты стипендия уюштурган казак элинин мыкты уулдарына ыраазычылык билдирип, КУУнун окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев ректордун атынан Сырлыбаевдердин үй-бүлөсүнө окуу жайдын 100 жылдык мааракесине арналып даярдалган эстелик белектерди тапшырды.
Стипендияга ээ болгондордун тизмеси:
Химия жана химиялык технологиялар факультети
- Турганбекова Галида Жеңишбековна – 3-курс
- Ишенбек уулу Ильгиз – 2-курс
- Шарипова Адинай Миталовна – 3-курс
- Сартова Уулкелсин Арстанбековна – 2-курс
- Ибрагимова Айзаада Алмазбековна
Биология факультети
- Токтосунов Тимур Асанович – биология илимдеринин кандитаты, доцент, “Жалпы биология, экология жана лабораториялык иш” кафедрасынын башчысы
- Торобеков Нурадин Нурланович – БТ(б)-1-24 тайпасынын студенти
- Алтынбекова Айсулуу Алтынбековна – БТ(б)-1-24 тайпасынын студенти
- Усманова Жанара Жанибековна – БЭ(б)-1-22 тайпасынын студенти
- Жыргалбек кызы Жанара – ЛДК(б)-1-24 тайпасынын студенти.











