2025-жылдын 30-апрель күнү математика жана информатика институтунда КУУнун 100 жылдыгын майрамдоо алкагында Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган поэзия кечеси студенттер арасында өттү.

Адабият десе Алыкул эске түшөт, Алыкулду ырсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Анткени анын жеке турмушу да, тагдыры да ырга байланышып, бүт өмүрү ырга айланган.

Поэзия кечесине 1-курстун студенттери активдүү катышып, студенттер да А.Осмоновго арнап өз калемдерине таандык ыр жазышып, Касымов Айдар “Алыкулдун өмүрү”, Аскарали кызы Жумаида “Акын жашайт жүрөктө”, Акматбекова Гузалия “Алыкулга” деген ырларын көркөм окуп беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1-курстун студенттери Көлбай уулу Бакыт, Уркасымова Карлыгач, Аманидинова Зарема, Кенжебекова Айдай, Раимжанова Бурулай жана Талантбек кызы Барчынайлар А. Осмоновдун ырларын көркөм окушканда поэзия күйөрмандарынын купулуна толуп, жыйындын катышуучулары жакшы маандайда отурушту.

Поэзия кечесин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу  Мамбетова Алтынай Кыдырмышовна уюштурду.

Бүгүнкү жыйын мамлекеттик “Уңгу жолу” доктринасынын негизги багыттарын бири Кыргыз эли жаатында болуп, элибиздин таланттуу жарандарын, алардын жараткан маданий мурастарын өсүп келе жаткан жаш муунга жеткирүү болчу.

(C) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий