2025-жылдын 24-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнө Сингапур башкаруу университетинен (Singapore Management University – SMU) жаш адистер: Минт Ксу (Mint Xu) жана Жоанна Гротфелд Нилсен (Johanne Gronfeldt Neilsen) келишти. Алар бөлүмдүн 4-курста билим алып жаткан ККТ-1-21 группасынын студенттери менен пикир алышты.
Жолугушууда коноктор өздөрүн тааныштырып, билим алуунун заманбап жолдору, эл аралык тажрыйбалары жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар дүйнөлүк билим берүү мейкиндиги жана жаштардан талап кылынган кесиптик компетенциялар боюнча кызыктуу маек куруп, студенттердин суроолоруна кеңири жооп беришти.
Ошондой эле, алар Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон кызыгуусу тууралуу айтып, бул аймактагы маданият жана саякаттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүштү.
Жолугушуунун соңунда Минт Ксу жана Жоанна Гротфелд Нилсен университет жетекчилигине жана студенттерге меймандостук үчүн ыраазычылыгын билдиришип, Кыргызстанга келечекте дагы кайтып келип, кызматташтыкты улантууга үмүт артарын белгилешти.
(С) ф.и.к.,доц. Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

