2025-жылдын 23-24-апрелинде юридикалык колледжде ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Акылбек Джоорбаев 1-2-курс студенттерине “Азыркы коомдо баңги заттардын коопсуздугунун негиздери” темасында лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө Акылбек Джоорбаев студенттерге баңги заттардын зыяны жана жаза жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берди. Ал баңги заттардын ден-соолукка, коомго жана өлкөнүн коопсуздугуна тийгизген терс таасирлерин баяндап, алардын колдонулушунун жарандардын жашоосундагы жана коомдогу терс кесепеттерин ачык көрсөттү.
Сабактын соңунда лектор студенттерди сергек жашоого чакырып, баңги заттардан алыс болууга үндөдү. Ал жаштардын келечеги үчүн ден-соолук жана коопсуздук маселелеринин маанилүүлүгүн баса белгилеп, баңги заттарды колдонбоо тууралуу ойлорун бөлүштү.
(С) Тумаров Харсан – директордун орун басары




