2025-жылдын 17-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде адистигинин студенттерине Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. Бакирова Гүлжан Көккөзовна академиялык мобилдүүлүктүн алкагында “Тексттин байланыштуулугу”, “Текст түзүүнүн активдүү ыкмалары” деген аталыштагы конок лекция өттү.
Иш-чарага кафедранын мүчөлөрү: ага окутуучу М.Апышева, доценттер Э.Акунов, А.Бешкемпирова, Ж.Орозалиева, Н.Осмонова жана адистиктин студенттери катышты.
Бөлүмдүн студенттери текст тууралуу окумуштуулардын түрдүү пикирлерин угушуп, тексттин мүнөздүү белгилери, тексттин түзүлүшү, текст түзүүнүн активдүү ыкмалары менен таанышты. Ар кандай көндүмдөр тууралуу кеңири түшүнүк алышты.
Пайдалуу маалыматтар менен коштолгон лекция кызыктуу болуп, студенттер темага байланыштуу бир нече суроолорду беришип, факты-материалдар аркылуу далилденген ынанымдуу жоопторду ала алышты.
Лекциянын соңунда факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Б.Жайлообаев лекторго университеттин атынан ыраазычылык кат тапшырып, илимпоздун ишине ийгилик каалап, мындан кийин да кызматташууга чакырды.
Кыргыз филологиясы факультетинин “Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” адистиги менен болгон жолугушуусу ийгиликтүү аяктап, конок лекция өз максатына жетти.
(С) доцент Н.Осмонова



