Юридикалык колледждин окутуучусу Исмаилова Жазгүл Дүйшөковна 2025-жылдын 12-апрелинде Казакстандын Астана шаарында болуп өткөн эл аралык конкурска катышып, «Борбордук Азиянын мыкты педагогу» наамына ээ болуп келди. Сынактагы жеңиши үчүн ага 1-даражадагы диплом, «Борбордук Азиянын мыкты педагогу» төш белгиси жана статуэтка тапшырылды.

Эл аралык конкурстун максаты:

  • педагогдордун абройун арттыруу;
  • чыгармачыл педагогдорду колдоо;
  • педагогдордун ал аралык тажырыйба алмашуусуна шарт түзүү болду.

Исмаилова Жазгүл о.э. «Адал адам – адал эмгек – адал табуу» аттуу форумга катышып, эл аралык тажырыйба топтоп келди.  Кесиптешибиз Жазгүл Дүйшөковнаны ийгилиги менен чын дилибизден куттуктап, мындан аркы дагы жетишкендиктерди жана талыкпас эмгек каалайбыз.

(С) Исмаилова Ж.Д. – юридикалык колледждин окутуучусу

Добавить комментарий