Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө ПЖ №369 жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чарада гуманитардык-табигый дисциплиналар кафедрасынын ага окутуучусу Бакыт Кангельдиев менен окутуучу Калысбек Кадыракун уулу баяндама жасашып, факультеттин студенттерине аталган жарлык боюнча терең маалымат беришти. Жарлыкта жарандардын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн үй-бүлө, коом жана мамлекет үчилтиги бирдей кам көрүүгө милдеттүүлүгү айтылып, илим, билимде токтоосуз колго алынуусу жана үзгүлтүксүз улантылуусу керек болгон милдеттер да каралгандыгын баса белгилешти.
(С) Бабаканова Ж.А. – Каракол шаарындагы ГТИФтин деканынын окуу иштери боюнча орун басары




