КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде 2025-жылдын 14-мартында Аталар күнүнө карата “Аталар сɵзү – акылдын көзү” аталышындагы тегерек стол ɵткɵрүлдү.
Иш-чарага Ысык-Кɵл УТРКсынын редактору Турганбек Жунусалиев менен Ысык-Көл облустук согуштун, куралдуу күчтөрдүн укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин кенешинин төрагасы Келгенбай Кооманов катышышты.
Келген коноктор жана факультеттин окутуучулук курамы эзелтен эле элибизде атаны аскар тоого теңеп, даңктап-даңазалап келишкенин жана тарбия башаты болгон эне кут төгүлгөн үй болсо, атаны ошол үйдүн түркүгү, тирөөчү, калканычы жана коргоочусу экенин таасын белгилешти.
(С) Амангельдиева М.Д. – Каракол шаарындагы ГТИФ деканынын тарбия иштери боюнча орун басары



