Математика жана информатика институтунун 3-курсунун МБ-1-22, МБ-2-22 тайпаларынын студенттери 2025-жылдын февраль айынын аягында жана март айынын башында Бишкек шаарындагы №1-мектеп-интернатта жана №2-мектепте педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишти. Педагогикалык практиканы доценттер Мунапысова Г.Т., Исраилова Г.Т. жетектеп, студенттер менен дайыма тыгыз байланышта болушту.

Практиканын жүрүшүндө мультимедиялык каражаттар кеңири колдонулуп, ар бир сабакта интерактивдүү доскада слайддар, презентациялар көрсөтүлүп турду. Практиканттар тарбиялык иштерге да чыгармачылык мамиле жасап, «Математикалык кальмар», «Интеллектуалдык таймаш» сыяктуу окуучуларга кызыктуу оюндарды, мелдештерди уюштурушту. Жыйынтыктап айтканда, педагогикалык практика учурунда студенттер мугалимдик кесиптин ардактуу да, түйшүктүү да жактары менен иш жүзүндө таанышып, тиешелүү кесиптик-методикалык тажырыйба топтоого жетишишти.

2025-жылдын 17-март күнү академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра , геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын кезектеги отуруму болуп, күн тартибинде аталган практиканын жыйынтыктары каралды. Доценттер Гульнара Мунапысова менен Гульмира Исраилова баяндама жасашып, студенттердин отчеттору кабыл алынды.  

Отурумдун соңунда, аталган кафедранын башчысы профессор  Бекболот Канетов педагогикалык практиканын жетекчилерине мындан ары да студенттерге мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрдүү жактары менен иш жүзүндө тааныштырып, алардын мугалимдик кесипке болгон кызыгууларын күчөтүү үчүн үзүрлүү эмгектенүүсүнө тилектештигин билдирди.

Ошол эле күнү математика жана информатика институтунда педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлүп, анын ишине университеттин Практика жана карьера борборунун адистери, педагогика жана психология кафедараларынын окутуучулары катышты. Катышуучулар практиканын жүрүшү боюнча жылуу пикирлерин билдирип, аларга студенттер даярдаган видеотчеттор тартууланды.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий