2025-жылдын 15-мартында “Hyatt Regency Bishkek” мейманканасынын конференц-залында жогорку Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын бир катар жогорку окуу жайларынын ортосундагы жогорку билим берүү боюнча макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.

Жыйындын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзяньпин куттукташты.

Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышып, төмөндөгү документтерге кол койду:

  • КЭРдин Сиань мунай университети менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга;
  • КЭРдин Түндүк-Батыш университети менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда Кыргыз-Кытай укуктук изилдөөлөр борборун жана Кытай-Кыргыз укуктук изилдөө институтун түзүү боюнча келишимге;
  • КЭРдин Шэньси технологиялык университети менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда кызматташтык боюнча келишимге.

Билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулаган Кыргызстан менен Кытайдын жогорку билим берүү форуму эки өлкөнүн илимий байланышын бекемдөөгө чоң салым кошту.

Добавить комментарий