2025-жылдын 19-мартында №10-окуу имаратында “Бозжол” философиялык изилдөө борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Аталган борбор жайгашкан 105-кабинеттин кире беришине тартылган кызыл тасманы КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен КР Президентинин кеӊешчиси Арслан Койчиев кесип, философиялык изилдөө борбору менен таанышып чыгышты.
Ачылыш аземине арналган жыйынды “Бозжол” философиялык изилдөө борборунун директору Саветбек Абдрасулов ачып, сөз кезегин КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевге берди.
Ректор өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу алкагында ачылып жаткан “Бозжол” борбору философиялык билим чөйрөсүндө, о.э. дисциплиналар аралык мүнөздөгү проблемаларды изилдөө максатында түзүлгөндүгүн билдирип, борбордун ишинин маанилүү аспектилеринин бири – кыргыз маданиятын философиялык жактан изилдөө, долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн эл аралык аренага чыгуу жана башка өлкөлөрдүн изилдөө борборлору менен байланыш түзүү экендигин баса белгиледи жана “Бозжол” философиялык изилдөө борбору көп ийгиликтерди жарата беришин каалады.
Иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, башка окуу жайлардын өкүлдөрү, белгилүү илимий жана коомдук ишмерлер, о.э. жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.