2025-жылдын 24-февралынан 28-февралына чейин академиялык мобилдүүлүктүн алкагында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучулары Казакстан Республикасынын Коркыт Ата атындагы Кызылордо университетинде конок лекцияларды өтүштү.
К.псх.н., доцент Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич «Эвтаназия жана жашоону сактоо этикалык маселе катары» деген темада лекция өткөрүп, студенттер менен терең философиялык жана моралдык-этикалык талкуу жүргүздү.
Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу Союзбек кызы Гулгакы болсо, «Машина акылы жана адам интеллекти: чек аралар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу философиялык диалог» темасында лекция окуп, жасалма интеллекттин билим берүү жана технологиялык өнүгүүгө тийгизген таасири боюнча кызыктуу талкуу уюштурду.
Окуу процессинде каралган негизги маселелер:
1. Эвтаназия – гумандуулукпу же моралдык көйгөйбү?
2. Жасалма интеллект адам акылын алмаштыра алабы?
3. Санариптештирүү билим берүүнүн жана адамзаттын келечегине кандай таасир этет?
Кызылордо университетинин студенттери активдүү катышып, терең суроолорду берип, кызыктуу пикирлерин билдиришти.
Бул жолугушуу эки университеттин кызматташтыгын чыңдоого жана студенттердин илимий-теориялык көз карашын кеңейтүүгө чоң өбөлгө түздү. Кызылордо университетине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!
(С) Союзбек кызы Гулгакы – философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу





