2025-жылдын 20-февралында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогоруталуу институтунда 21-февраль “Эне тил күнүнө” карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара орто жалпы билим берүү программасынын 10-11-класстардын окуучулары тарабынан уюштурулган чет тилдер декадасынын отчеттук жабылышы болуп өттү.

Иш-чарада чет тилдер бирикмесинин окутуучулары окуучулар менен биргеликте, окуп жаткан өз чет (кытай, корей, япон, немец, англис) тилинде ошол мамлекеттин үрп-адатын, каада-салттарын көрсөтүп, ыр-бий менен коштолду.

Соңунда орто жалпы билим берүү программасынын башчысы Нуралиева Гульназ декадага активдүү катышкан класстарды, окуучуларды жана “Мыкты дубал гезити” сынагынын жеңүүчүлөрүн грамоталар менен сыйлап, чет тилине гана көңүл бөлбөстөн, өз кыргыз тилибизди дагы даңазалап жүргөндү унутпоого угүттөдү.

(С) Бейшеналиева Бермет – ККДжКЖ институтунун башкы адиси

Добавить комментарий