2025-жылдын 25-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук университеттин жогорку жана кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясынын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.
Жыйынды аталган комиссиянын референти, т.и.к., доцент Кубаныч Раматов ачып, КУУнун магистрлик, бакалаврдык жана орто кесиптик билим берүү программаларына баа берүү боюнча түзүлгөн тышкы эксперттик комиссия өз ишин аяктаганын, комиссия мүчөлөрү эки күн бою окуу жайдын бардык окуу түзүмдөрүндө болуп, ал жердеги студенттер, магистранттар, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана социалдык өнөктөштөр болгон иш берүүчүлөр менен жолугушканын жана тиешелүү документтер менен таанышканын билдирип, сөз кезегин эксперттик комиссиянын кластерлеринин төрагаларына берди.
Эл аралык Кувейт университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыштар кафедрасынын башчысы Нургуль Койчуманова, Кыргызстандын эл аралык университетинин окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Жылдыз Омурзакова жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекетик университетинин Үзгүлтүксүз аралыктан билим берүү институтунун мүдүрү Мухтар Чогулдуров өздөрү жетектеген кластерлер боюнча билим берүү программаларынын жетишкендиктери, ийгиликтери менен катар айрым сунуштарын да айтышты.
Жыйындын соңунда Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору, т.и.д., профессор Бактыбек Исмаилов сөз алып, комиссия мүчөлөрү тарабынан Улуттук университеттин жогорку жана кесиптик билим берүү программаларынын баарын 5 жылдык мөөнөткө, ал эми кесиптик билим берүүнүн “Туризм” жана”Техникалык жөндөө жа сапатты башкаруу” программаларын 3 жылга аккредитациялоого сунуштоо боюнча алдын ала чечим кабыл алынганын билдирди. Жыйынтыктоочу чечим агенттиктин атайын кеңешинин отурумунда кабыл алынат.
Биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев тышкы эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнө эки күн бою аткарган иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады жана айтылган сунуштар Улуттук университеттин өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошоорун белгилеп, жетекчилик тарабынан эске алынаарын билдирди.
Эскерте кетсек, 24-25-февраль күндөрү Улуттук университеттин төмөндөгү билим берүү программалары аккредитациядан өттү:
PS: Аккредитациянын акыркы күнү тартылган сүрөттөрдү бул жактан көчүрүп алууга болот.