Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мырзалары үчүн, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүн утурлай 22-февраль күнү салтка айланган бильярд ышкыбоздоруна окуу жайдын ректорунун биринчилик кубогун кесиптик колледж уюштурду.
Мелдешти мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, 18 жылдан бери уланып келе жаткан бул саамалыкты мындан дагы жогорку деңгээлде улана берүүсүн жана оюнчуларга ийгилик каалады. Оюн 14 саат уланып, жыйынтыгында 3-орунду кесиптик колледждин экономика илимдеринин кандидаты, доценти Акматов Аскарбек жана юридикалык институттун ага окутуучусу Бакиров Артур, 2-орунду юридикалык институттан юридика илимдеринин кандидаты, доцент Абдыраев Медербек ээлесе, баш байгени тарых жана чөлкөм таануу институтунан тарых илимдеринин кандидаты доцент Кушубеков Алымбек багындырды. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланышты.
(С) Касымбаева Кыял – мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды



