2025-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова университеттин ботаникалык бакчасында жайгашкан «Билим Бишкек» инновациялык борборуна келип, ал жердеги дарсканалар жана орнотурлган техникалык каражаттар менен таанышты.
«Билим Бишкек» инновациялык борборунун мүдүрү Санжар Алтымышев депутат айымга борбордогу “Эксперименталдык жана практикалык технологиялар” лабораториясын, “Дизайн”, “Астрономия, авиация жана космонавтика”, “Табигый илимдер” жана “Математика” студияларын көрсөтүп, ал жерде өтүлүучү курстар жөнүндө айтып берди.
- “Эксперименталдык жана практикалык технологиялар” лабораториясында окуучулар технология жана робототехника боюнча жаңы нерселерди үйрөнүп, өз колдору менен ар кандай тажрыйбаларды жасашат жана алдыңкы технологияларды өздөштүрүшөт.
- “Дизайн” студиясы балдардын кол өнөрчүлүк шыктарын өнүктүрүүгө, 3D жана анимациялык моделдөө ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган.
- “Астрономия, авиация жана космонавтика” студиясы ар кандай кызыктуу эксперименттер аркылуу материя, фундаменталдык күчтөр, аэродинамика жана авионикалык системалар менен байланышкан илимий принциптерди өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
- “Табигый илимдер” студиясы илим менен жаратылыш кубулуштарын айкалыштыруу, физика, химия жана биология сыяктуу фундаменталдык илимдерди практикалык негизде өздөштүүгө багытталган.
- “Математика” студиясында окуучулар турмуштук күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонууну үйрөнүшөт.
Надира Нарматова “Билим Бишкек” борборунда дүйнөлүк стандарттарга туура келген техникалык каражаттар орнотулганын белгилеп, окуучулар бул жерде терең билим алып, алдыңкы технологияларды үйрөнөөрүнө терең ишенээрин билдирди.
Жолугушууга о.э. КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев менен ректораттын аппарат жетекчиси Дуулат Шерик уулу катышты.
Белгилей кетсек, «Билим Бишкек» инновациялык борбору Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Түркия Технология командасы, Т3 фонду жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин кызматташтыгында курулуп, 2024-жылдын 7-ноябрында Түркия Республикасынын биринчи айымы Эмине Эрдогандын катышуусунда расмий ачылган.