2023-жылдын 20-22-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгеси аркылуу КР Президентинин Администрациясы жана ТүркСОЙ эл аралык уюму менен биргеликте Түрк тилдүү элдердин эл аралык форуму болуп өттү.
Иш чарага Германия, Венгрия, Россиянын Якутия, Алтай аймактарынан, Туркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Каракалпак, Түркмөнстандан 60ка жакын окумуштуулар келишти. Жыйынды КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев ачты.
КР Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди жана форумдун ишине ийгилик каалады.
ТҮРКСОЙ уюму, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Эл аралык түрк академиясы, Түрк тил жана тарых фонду, ТИКА, Ататүрк мааданият, тил жана тарых жогорку куруму, Түрк мамлекеттеринин тил маселелери боюнча түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кыргызстандан айрым депутаттар, коомдук ишмерлер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Жыйынга окумуштуулар, педагогдор, мамлекеттик тил маселелери жаатында иштеген адистер, мугалимдер ж.б. катышты. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттен да окумуштуулар катышышты.
Форум эки секциялык отурумда ишин улантты. 1-секцияда Г.Жаманкулова “Байыркы кыргыз жазуулары: байыркыдан бүгүнкүгө” деген темада, 2-секцияда Б.Б.Нарынбаева «Фразеологиялык бирдиктерди изилдөөнүн заманбап ык-амалдары» аттуу докладдардын презентациясын жасашты. 2-секцияда Г.Жаманкулова модератор болду.