2023-жылдын 21-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө жана акын Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата факультеттер менен кесиптик колледждин студенттери арасында уюштурулган “Тил келечеги – өлкө келечеги” жана “Өмүр соӊундагы кубаныч” аттуу эссе жазуу сынактарынын жыйынтыгы чыгарылды.
Студенттик кеӊештин төрагасынын орун басары Айпери Акылбек кызы алып барган иш чара КУУнун “Арай” бий тобунун кыргыз бийи менен башталып, Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Алмазбек Кадыр уулунун сөзү менен уланды. Ал сынакка катышкан студенттерге ыраазычылык билдирип, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоӊ салып кошуп, көптөгөн чыгармаларын калтырып кеткен акын Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
КУУнун “Жаш толкундар” адабий ийриминин кыздары көркөм ыр окушкан соӊ, аталган ийримдин жетекчиси Назгүл Турдубаева студенттерге куттуктоо сөзүн айтты.
Иш чаранын соӊунда студенттер арасында жарыяланган эссе жазуу сынактарынын жыйынтыгы чыгарылып, жеӊүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Тил келечеги – өлкө келечеги” деген темадагы эссе жазуу сынагынын алдыӊкылары болуп төмөнкүлөр аныкталды:
1-орун: Гүзаль Курманбекова – Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенти
2-орун: Агынай Рысбекова – Экономиканын жогорку мектебинин студенти
3-орун: Бектур Араббаев – Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенти.
Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына арналган “Өмүр соӊундагы кубаныч” аттуу темадагы эссе жазуу сынагынын жеӊүүчүлөрү:
1-орун: Акылай Авазбекова – Кыргыз филологиясы факультетинин студенти
2-орун: Рахима Кубатбекова – Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенти
3-орун: Айжан Кудайбергенова – Химия жана химиялык технологиялар факультетинин студенти
Сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Айназик Алмазбекова, Айгерим Турсунбекова, Нурай Эстебес кызы жана Илгиз Саморбеков сертификаттар менен сыйланышты.