2024-жылдын 18-декабрында проф. К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын жамааты, белгилүү педагог-окумуштуулар жана мектеп мугалимдери менен биргелешкен «Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун азыркы абалы жана келечеги» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столго университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.д., профессор Ишекеев Н., окумуштуу-педагог, Кыргыз Эл жазуучусу, п.и.д., профессор Рысбаев С., Х.Карасаев атындагы БМУнун филология факультетинин деканы, п.и.д. Кенжешев К., кыргыз тили илими кафедрасынын доценти, ф.и.к. Султаналиев И., проф.К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын мүчөлөрү жана Бишкек шаарындагы №2, №9, №13, №51, №58, №77, №78 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышты. Ошондой эле Жалал-Абад областынын Ү.Турдубаев атындагы орто мектебинин, Талас областынын Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинин, Нарын областынын Т.Байбураев атындагы орто мектебинин, Ысык-Көл областынын К.Иманалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери онлайн катышышты.
Соӊку мезгилде билим берүү системасында бир топ өзгөрүүлөр болуп, ага карата окутуунун стандарттары жаӊыланып, жаӊы талаптар коюлду. Мына ушуга байланыштуу тегерек столдо мектепте кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун бүгүнкү абалы, жетишкендиктери, кемчиликтери жана келечеги тууралуу талкуу жүргүзүлдү. Негизги максат орто мектептеги кыргыз тили жана адабиятын окутууну жакшыртуу болуп саналат.
Алгач мектеп мугалимдери кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун азыркы абалы тууралуу маалымат беришти. Окуучулардын эне тилге болгон кызыгуусунун жоктугу, китеп окубагандыктары негизги көйгөй экендиги жана кыргыз тили, адабияты боюнча окуу китептеринин предметтик стандартка дал келбей жаткандыгын билдиришти. ЖРТ жана республикалык олимпиаданын суроолору дагы мектеп прграммасына дал келбей, оор түзүлүп жаткандыгын жана педагогикалык багытка тапшырып жаткан абитуриенттерди тандап алууга өзгөчө көӊүл бурулушу керектигин баса белгилешти.
Н.Ишекеев мектеп мугалимдери менен ЖОЖдордун окутуучулары бирге чогулуп, кездешип отуруунун өзү – жакшы саамалык экендигин баса белгилөө менен мындай иштер уланып, салтка айлануу керек деген пикирин билдирди. Мектеп мугалимдери айтып жаткан маселелерге көӊүл буруп, окутуунун практикалык-технологиялык жактан иштеп чыгып, республикага таратуу керектигин сунуштады. Ошондой эле мектеп программасы менен ЖОЖдордун окуу программаларынын ортосунда интеграциялык процесстин болушу бүгүнкү күндүн кечиктирилгис чарасы экендигин баса белгиледи.
Педагогика илимдеринин доктору, профессор С.Рысбаев бүгүнкү күндөгү билим берүүдөгү жаӊылыктарга токтолуп, жалпы эле билим берүүдө көйгөйлөр көп экендигин, мугалимдердин сунуш-пикирлери туура экендигин айтты.
Кыргыз тилин орто мектепте окутууда теорияга басым жасалган деген пикирлер болгондуктан байланыштуу кеп менен грамматиканы интеграциялап, теория менен практиканы айкалыштырууну сунуштадык эле, бирок бул ишке ашкан эмес. Ошондон кийин «грамматикадан кепке, кептен грамматикага» деген принципти колдонуп, 2016-жылы концепция жазылганы менен бул технологиялык жактан гана колдонулуп, окуу китептери жаӊыртылбай калгандыгы тууралуу маалыматтарды берди. Андан кийин «Деӊгээлдик билим берүүнү технологиясы» деген эмгегин мектепте колдонууну сунуштады. Аны жайылтуу боюнча республиканын ЖОЖдорунда семинарлар уюштурулгандыгы жана министриликке дагы айтып, сунуш кылгандыгын бирок эч кандай жооп болбогондугу тууралуу маалыматтарды берди.
Бүгүнкү күндө YouTube каналында аудио китептер көбөйүп калгандыгына токтолуп, көркөм адаияттарды балдар окубай жаткандыктан, аудио китептерди угузуу сунушун берди.
Ф.и.к., доцент И.Султаналиев дагы мугалимдердин айткан сунуш- пикирлеринин туура экендигин, бул маселе ушул жерден эле айтылып, токтоп калбастан, министрликке кайрылып, бул иштерди жөнгө салууну жана окуу китептерин карап, өзүбүз андагы кетирилген каталарга күбө болуп жатканыбызды, ал көнгүүүлөрдү мектептин 2-классынын окуучусу эмес, биз дагы талдай албай тургандыгын айтып, мындай маселелерди тез арада жоюу сунушун билдирди.
П.и.д., профессор Ж.Чыманов дагы мугалимдер айткан көйгөйлөр чындык экендигин айтып, аны жоюунун жолдоруна токтолду. Мектеп практика менен алпурушат, ал эми ЖОЖдор теория менен алпурушат, ал теориялар мектеп күткөн нерселерди бере албай жаткандыгын белгилеп, төмөндөгүдөй сунуштарды берди: биринчи, ушундай иш-чаралар тез-тезден болуп турушу керек, өз ойлорубузду айтып, сунуштарды берип иштесек, натыйжа чыгат. Экинчи, мектепте кыргыз тили жана адабиятын окутуу, ЖРТ жана Республикалык олимпиада үчөө үч башка, булар бир багытка биригиши керек экендигин белгиледи.
Кафедра мүчөлөрү З.Сарылбекова, Б.Оторбаев, А.Жаманкуловалар дагы кыргыз тилин жана адабиятын окутууну жакшыртуу боюнча өз пикирлерин билдиришти.
Иш-чаранын аягында келген конокторго ыраазычылык каттар тапшырылды. П.и.д., профессор С.Рысбаев факультеттин кафедраларына жана мектеп мугалимдерине «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигинин негизинде жазылган окуу хрестоматиясын белекке берди.
Иш-чаранын жыйынтыгында бул иш-чара ушуну менен эле аяктап калбастан, дагы улантыла тургандыгы, шаардык мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн кышкы каникулда семинар уюштурула тургандыгы айтылды.
(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент










