2024-жылдын 11-декабрында түркология жана котормо таануу бөлүмүндө “Түркологиялык окуулар – II” лекциялар сериясы башталды.
“Исмаил Гаспралы принциби жана түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга карата перспективасы” деп аталган алгачкы лекцияны Түркия Республикасынын Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) лидеринин башкы кеңешчиси, парламенттин 25-26-чакырылышындагы депутаты Анкара Хажы Байрам Вели университетинин профессору, доктор Рухи Эрсой мырза окуду.
Сериянын максаты Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандык окумуштуу-илимпоздор, коомдук ишмерлер менен түрк тектүү элдердин тили, адабияты, тарыхы жана маданиятынын актуалдуу маселелери боюнча «Лингвистика (түрк тилдери)», «Филология (түрк)», «Чыгыш тилдери», «Азыркы түрк тилдери жана адабияты, түркология», «Тарых», «Котормо жана котормо таануу», «Чөлкөм таануу (Орто Азия, Кавказ)» багыттарында билим алып жаткан бакалавриат, магистратура, докторантуранын студенттери жана жаш илимпоздор менен пикир алышуу платформасын түзүү.
“Окууларга” илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, КФФ деканы Бактыбек Жайлообаев, ТКТнын бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова, о.э. ТКТнын профессордук-окутуучу курамы, студенттери менен катар Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин билим берүү кеңешчиси Күршат Дулкадир, КРСУнун Түркология борборунун башчысы Элмира Осмонова, И.Арабаев атындагы КМУнун түрколог окутуучулары, “Бирлик” Азербайжандыктардын коомдук бирикмесинин башчысы Хансывар Бахшалиев башкы имараттагы санарип борборунда салттуу түрдө катышышты.
Төмөнкү кызматташтыктын негизинде иш алып барган университеттер онлайн форматта катышышты:
- КТУ «Манас» – түркология бөлүмү, синхрондук котормо бөлүмү» (Кыргызстан)
- И.Арабаев атындагы КМУ – Манас таануу жана тил илими институту; Тил илими жана котормо таануу бөлүмү (Кыргызстан);
- ОшМУ, Филология жана маданияттар аралык байланыш институту, «Казак тили жана маданияты» жана «Өзбек тили жана маданияты» борборлору (Кыргызстан);
- Ташкент чыгыш таануу университети – түркология факультети, түрк филологиясы, котормо факультети, котормо таануу жана эл аралык журналистика бөлүмү (Өзбекстан);
- Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети – түркология илим изилдөө институту (Өзбекстан);
- «Жибек жолу» туризм жана маданий мурас университети – Тилдер жана глобалдык изилдөөлөр бөлүмү, Тарых жана маданий мурастар бөлүмү (Самрканд, Өзбекстан);
- Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети – Түркология жана тил теориясы кафедрасы (Астана, Казакстан);
- Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (Алматы, Казакстан);
- Кавказ университети – Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмү (Карс, Түркия);
- Фырат университети – Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмү (Элазыг, Түркия);
- Дижле университети – Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмү (Диярбакыр, Түркия);
- Хажы Байрам Вели университети – Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмү (Анкара, Түркия)
- Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети – азербайжан тили жана адабияты кафедрасы (Баку, Азербайжан)
- Хазар университети – азербайжан тили жана адабияты кафедрасы (Баку, Азербайжан).
“Окуулардын” биринчи лекциясына бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева модератор болуп, конок лекторду тааныштырып, катышуучуларга “Окуунун” жүрүшү боюнча жалпы маалымат берди. Андан соң илимий иштер боюнча проректор проф. Мирлан Дылдаев жалпы катышуучуларды түркологиянын актуалдуу маселелери тууралуу лекция университетте уюштурулуп, түрк дүйнөсүнө таанымал окумуштуулардын студенттерге, магистранттарга, докторанттарга ой-пикирлеринин бөлүшүп жаткандыгы өтө кубанарлык экендигине токтолду. Факультеттин деканы доцент Бактыбек Жайлообаев баяндамачыга ыраазычылыгын билдирип, окуунун ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Андан соң бөлүм башчы Бурул Элебесова окуунун максатын белгилеп, сөз кезегин лектор мырзага узатты.
Окуу суроо-жооп иретинде маек форматында өтүп, тема боюнча баяндамачыга суроо, ыраазычылыктарын айтышты. Аны менен катар лектор да университеттин жетекчилигине, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, боордош түрк элдеринин ортосунда ынтымак-ырашкерликтин улана беришине тилектештигин билдирди.
Окуунун аягында модератор баяндамачыга жеке өзүнүн, эмгек жамаатынын жана университеттин атынан ыраазычылыгын билдирип, жигердүү кызматташуу жүргүзүү боюнча бир нече сунуштарын айтты.
“Түркологиялык окуу – II” 2025-жылдын 29-январына чейин созулат.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы ф.и.к., доц.


