2024-жылдын 29-ноябрында №5-окуу имаратынын жыйындар залында химия жана химиялык технология факультетинин «1-курсту кабыл алуу» аземи болуп ѳттү. Иш-чарага профессордук-окутуучулук курамдан сырткары факультеттин бүтүрүүчүлѳрү катышышты. Жаштар комитети тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Жыйынтыгында бүтүрүүчүлѳрүбүз студенттерибизге жылуу каалоо-тилектерин билдирүү менен келечекте жумушка орношуу мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ маанилүү маалыматтарды беришти. Коомдук иштерге активдүү катышып жүргѳн студенттер грамоталар менен сыйланышты.
(С) Осмонова С.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары






