Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1-курстарынын студенттери доцент Алиясбек Алымкуловдун жана окутуучу Нураида Руслан кызынын  демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсиясага барып келишти.

Алар ЖК төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Элвира Сурабалдиева, Аида Изатбек кызы, Сеидбек Атамбаев менен жолугушуп, билим берүү жана өлкөдөгү туруктуулук боюнча кызыктуу пикирлер айтылды. Депутаттар студенттерге жакшы каалоо-тилектерин айтып, аларды өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү катышууга чакырышты.

Экскурсия студенттер үчүн саясий билим алууга жана Жогорку Кеңештин ишин өз көзү менен көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.

(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары

Добавить комментарий