2024-жылдын 3-декабрында СГИИнин ага окутуучусу Турдубаева Р.Ш. ЖКИде “Зомбулукка каршы туралы, аялдарды, балдарды угалы” деген аталышта тренинг өттү.

Иш чарага “Сезим” кризистик борборунун кызматкери С.Курманова, ЖКИнин директору Костюк Ш.А., директордун орун басары Алдашова Г.М., СГИИнин доценти Кошбакова Б.М. жана СГИИнин СР-1-23 гр жана ЖКИнин  ЖК-1-23 гр. студенттери катышышты.

Бул күндөрү бүткүл дүйнө жүзү боюнча 2024-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин  “Гендердик зомбулукка каршы” кампаниясы өтүүдө. Бул акцияны колдоо ирээтинде СГИИнин социалдык кызматкер гр (СР-1-23) жана ЖКИнин журналистика жана коммуникация гр (ЖК-123) студенттери бул көйгөйлүү проблеманы талкуулашып, зомбулуктун себептери жана кантип алдын алүу керектиги жөнүндө ой бөлүшүштү.

“Сезим” кризистик борборунун кызматкери С. Курманова үй-бүлөнүн баалуулугун жогорулатуу жана аларга  туура мамиле кылуу керектигин айтты жана студенттерге тема боюнча буклеттер, китептер берилди.

(С) Турдубаева Р.Ш. – СГИИнин психология кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий