15-ноябрда УТРК телеканалында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери конок болуп, «Жаштар деми» деген аталыштагы ток-шоуго катышып, кызыктуу маек куруп келишти.
Университет жөнүндө, анын ичинен кыргыз филологиясы факультети туурасында бир топ маалыматтар айтылды. Жаратман, жаш студенттерибиз үчүн бул башталышы гана болсун, мындан ары да жогорку бийиктиктерди багындырышына тилектешпиз!!!
(C) Абдыкадырова Г. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары