2024-жылдын 20-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин “Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” адистигинин студенттерине Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетине караштуу синхрондук котормо бөлүмүнүн доценттери Гүлнур Джумалиева менен Аида Касиева тарабынан «Корпустук лингвистика” аталышындагы конок лекция өткөрүлдү.

Азыркы лингвистика илиминини жаӊы багыты болгон бул тармак тууралуу лекция студенттердин, ошондой эле окутуучу-профессорлордун кызыгуусун туудурду. Лекторлор корпустук лингвистика маселесинин табияты, өзгөчөлүктөрү, бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна басым коюп, кыргыз тилиндеги беш миллиондон ашык сөздөн турган лингвистикалык корпус тууралуу маалыматтарды беришти. Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетине караштуу синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери аталган тема боюнча слайд көрсөтүштү.

Аталган иш чарага факультеттин деканы, доцент Б.Жайлообаев, кафедра башчысы Э.Акунов, доцент Н.Осмонова, доцент Ж.Орозалиева, доцент Г.Абдыкадырова, ага окутуучу М.Апышева жана адистиктин студенттери катышты. Лекциянынын соӊунда факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Б.Жайлообаев баяндамачыларга университеттин ректорунун атынан ыраазычылык кат тапшырып, илимпоздордун ишине ийгилик каалап, мындан кийин да кызматташууга чакырды.

Кыргыз филологиясы факультетинин «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде» адистигинин студенттерине ѳтүлгѳн конок лекция ийгиликтүү аяктап, ѳз максатына жетти.

(С) Н.Осмонова – доцент

Добавить комментарий