2023-жылдын 20-сентябрында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын экс-төрагасы, академик, ф.и.д., профессор С.Ж.Мусаев кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенттерине “Мамлекеттик тил – улуттун дөөлөтү” деген темада лекция окуп, кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Ал о.э. Тил комиссиясын өзү жетектеп турганда кандай иштер аткаргандыгы жана Президент тарабынан кол коюлган Мамлекеттик тил боюнча мыйзам тууралуу да баяндама жасады.

Лекциянын соңунда студенттер кызыккан бир нече суроолоруна жооп алышты.

Иш чара 23-сентябрда белгиленүүчү Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тил илими кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Добавить комментарий