2023-жылдын 16-сентябрында Кыргызстан эл аралык университетинде КУУнун англистика жана маданий аралык байланыш кафедрасы менен Англис тили мугалимдеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулган “ТНТ: Окутуучулар окутуучуларга кол сунушат” аттуу семинар болуп өттү.
Иш чарага Педагогика институтунун филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын окутуучулары катышып, өз билимдерин өркүндөтүү менен бирге сертификаттарга ээ болуп келишти.
Кафедранын окутуучулары кафедра башчысы М. Жаманаковага, Америка Кошмо Штаттарынын ТНТ ассоциациясынын лидери Роджер Пальмерге, кызыктуу темасы менен бөлүшкөн Аида Жусупбек кызына жана маалыматтар менен бөлүшкөн окутуучуларга терең ыраазычылык билдирет.