2024-жылдын 25-октябрь күнү Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Аталган кеңештин төрагасы, ректор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында КУУнун Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамы, Ректорат кеңешинин 2024-2025-окуу жылындагы иш мерчеми, КУУга 2024-2025-окуу жылындагы кабыл алуунун жыйынтыгы, биология факультетинин штаттык тизимине өзгөртүү киргизүү, КУУнун Нарын, Кара-Кол, Таластагы бөлүмдөрүнүн структурасын өзгөртүү, КУУнун Коомдук фонду жөнүндө жобону бекитүү, КУУнун окумуштуулар кеңештеринин жана комиссияларынын 2024-2025-окуу жылына календардык иш планын бекитүү, КУУнун билим берүүнүн сапаты жөнүндө кеңеши боюнча жобону бекитүү, КУУнун эл аралык институционалдык аккредитациялоо жол-жобосунан өтүшү жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйынга бардык проректорлор, ректораттын аппарат башчысы, факультеттердин декандары, институттардын директорлору, колледждердин башчылары жана башка түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.












