2024-жылдын 28-октябрь күнү эрте менен саат 8.30да биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев 6-окуу имаратында жайгашкан география, экология жана туризм факультетине барып, аталган түзүмдүн жетекчилери менен жолугушту.
Факультет деканы Рыскүл Токторова, кафедра башчылары Алмагүл Кендирбаева менен Нарынбек уулу Курманбек жана окуу имаратынын коменданты Афина Омошова 25-октябрда болуп өткөн Ректорат кеңешинин отурумунда факультет тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча толук маалымат беришкен соң, Алайбек Шамшиев жыйында катышып отурган бөлүм жетекчилерине капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен башка маселелерди 28-ноябрда белгиленүүчү факультеттин 85 жылдыгына карата чечүү тапшырмасын койду.
Андан кийин, Алайбек Шамшиев факультеттин дарсканалары менен лабораторияларын кыдырып, аталган маселелер менен жеринен таанышып чыкты.
Жыйынга о.э. административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев жана маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Уланбек Мусаев катышты.







