2024-жылдын 14-октябрында педагогикалык колледждин 15 жылдыгын утурлай окуу жайды негиздеген педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Ч.Исамидиновду таануу жумалыгы башталды. 

Планда:

  • 14-октябрь күнү окутуучулар сабактарынын алдыңкы 5 минутасында И.Ч.Исамидинов тууралуу айтып беришет;
  • 15-16-октябрь күндөрү 1-курстар үчүн агай жөнүндө тартылган  «Жол»,  «Элге өтөлгөн эмгек», «Сен менин бүтпөй калган дастанымсың» жана “Тамыр”  фильмдери көргөзүлөт;
  • 18-октябрь колледждин студенттеринин арасында “И.Ч.Исамидиновдун агартуу тармагындагы орду” аталышындагы тегерек стол өткөрүлөт.

(С) Асыранбекова С.Р. — окутуучу

Добавить комментарий