2023-жылдын 20-сентябрында санариптик технологиялар борборунда ушул жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясынын аткарылышы: ойлор, пикирлер” аталышындагы тегерек стол болуп ѳттү.
Иш чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор С.А.Тиллебаев ачып, кыргыз филология факультетинин профессору К. Жаманкулова аталган мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы жѳнүндѳ кенен баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик тил мыйзамынын жаңы редакциясын ишке ашыруудагы маселелер, аны жакшыртуунун жолдору талкууланып, билим берүү системасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыттары боюнча пикир алышуу болду .
Иш чаранын сонунда студенттер арасында жарыяланган видео-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлѳргѳ сыйлыктар тапшырылды. Сынактын алдыңкылары болуп тѳмѳнкү түзүмдѳр аныкталды:
1-орун: Социалдык-гуманитардык илимдер институту
2-орун: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети
3-орун Журналистика жана коммуникация институту
Жыйынга КББАнын лаборатория башчысы А. Батыркулова, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.Осмоналиева жана окуу жайдын студенттери катышты.