УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, КУУнун профессору Турусбек Маразыков Баку шаарында болуп өткөн Түрк дүйнөсүнүн жалпы алфавити боюнча комиссиянын үчүнчү отурумуна катышты.
Түрк академиясы, Ататүрк атындагы маданият, тил жана тарых боюнча Жогорку Кеӊештин алдындагы Тил куруму менен бирдикте жана Түрк мамлекеттеринин уюму секретариатынын жана Назими атындагы Азербайжан улуттук илимдер академиясынын колдоосу менен өткөрүлгөн жыйында бардык түрк тилдүү элдердин тыбыштык өзгөчөлүктөрү эске алынган, түрк тилдерине жакын, бир фонема бир тамга менен белгиленген, бирдиктүү 35 тамгадан турган алфавиттин долбоорун кабыл алуу негизги маселе катары күн тартибине коюлду.
Түрк тилдүү элдердин алфавитиндеги тамгалардын бирдейлиги жазманын биримдигин, маданияттын, түрк элдеринин биримдигин түзүүгө өбөлгө болору, түрк дүйнөсүнүн жалпы алфавити боюнча коммиссиянын 3 жылдан бери аталган багытта улантылып келе жаткан ишин жыйынтыктап, бир эле фонеманын түрк алфавиттеринде эки бөлөк жазылып келген тамгаларын талкуулап, макулдашып, аларды бирдейлештирип, бир чечимге келүү зарылдыгы, алфавит элдин графикалык эс-тутумун чагылдырып, улуттук колоритти да туюндуруп турары, бул жыйында тилдердин биригиши тууралуу сөз болбогондугу, тамгалардын бирдейлиги түрк элдеринин арасында ажырымдын аз, биригүүнүн, интеграциянын көбөйүшүнө көмөкчү болору тууралуу ойлор айтылды.
Талкуунун, макулдашуунун негизинде түрк тилдери үчүн 35 тамгадан турган бирдиктүү алфавиттин долбоору отурумда бир добуштан кабыл алынды.
Кийинки кадамда бирдиктүү алфавиттин долбоору түрк тилдүү мамлекеттердин Президенттерине сунушталып, алар тарабынан аталган долбоор боюнча чечим кабыл алынат.
Түрк дүйнөсүнүн жалпы алфавити боюнча комиссиянын үчүнчү отурумуна Кыргызстандан о.э. УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев менен Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
(С) Солтоноев Актилек – декандын тарбия иштери боюнча орун басары





