Бул тууралуу 2024-жылдын 1-октябрында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы конференц-залда институт директорлору жана факультет декандары менен өткөргөн жыйында белгилүү болду.

Жыйындын башында Догдурбек Чонтоев окуу жайдын бардык кызматкерлеринин айлык акысын 1-октябрдан баштап көтөрүү, окумуштуулар кеңешинин жаңы курамы, эл аралык байланыштар, командировкалар, иш кагаздары менен иштөөнүн тартиби, финкомитеттин маалыматы боюнча билдирүү жасап, жаңы дайындалган проректорлор тууралуу буйруктар менен тааныштырды жана аларды куттуктоо менен бирге алдына коюлган негизги милдеттер тууралуу айтып берди.

Аталган документтерге ылайык, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Шамшиев Алайбек Бурканович биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор кызмат ордуна; география илимдеринин доктору, доцент Дылдаев Мирлан Муктарович илимий иштер боюнча проректор кызмат ордуна; педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишекеев Назаркул мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор кызмат ордуна, ал эми Шерик уулу Дуулат ректораттын аппарат жетекчиси кызмат ордуна дайындалышты.

Андан ары ректор Улуттук университеттин өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жөнүндө баяндама жасап, төмөндөгү 5 багытты сунуштады:

  • 1. Окуу процессин модернизациялоо
  • 2. Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү
  • 3. Билим берүүнү интернационалдыштыруу
  • 4. Инновациялык экосистеманы жана стартаптарды өнүктүрүү
  • 5. Уюштуруу реформалары.

Ректор аталган ар бир багыт боюнча ийгиликке жетишүүнүн конкреттүү жолдору тууралуу кенен-кесир сөз кылып, ал ийгиликтерди баалоонун индикаторлору тууралуу да айтып берди. Догдурбек Чонтоевдин айтымында, Улуттук университеттин буга чейин бекитилген Өнүгүү стратегиясын толуктоо үчүн сунушталган бул 5 приоритеттүү багыт жакынкы аралыкта санариптештирүүнү, илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү, интернационалдаштырууну, инновациялык экосистеманы жана башкарууну жакшыртууну камсыз кылып, окуу жайдын негизги максаты болгон Университет 4.0 жаңы моделине өтүүгө жана дүйнөдөгү университеттердин Топ-1000 глобалдуу рейтингине кирүүгө өбөлгө түзөт.

Жыйындын соңунда конференц-залга Улуттук университетте өтүп жаткан “Көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу” аттуу Улуттук форумга катышып жаткан Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева кирип, институт директорлору менен факультет декандарына кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө Улуттук университет – Кыргызстандагы жалпы билим берүү системасынын күзгүсү экенин, жаңы ректордун келиши менен окуу жайдын экинчи деми башталыш керектигин белгилеп, катышуучуларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады жана окуу жай менен анын кызматкерлерине психологиялык жана моралдык бекем ден-соолук каалады.

Добавить комментарий