2024-жылдын 1-октябрында ректор Догдурбек Чонтоев институт директорлору жана факультет декандары менен өткөргөн жыйында жаңыдан дайындалган проректорлор тууралуу буйруктарды окуп, алар менен тааныштырды.

Аталган документтерге ылайык, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Шамшиев Алайбек Бурканович биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор кызмат ордуна; география илимдеринин доктору, доцент Дылдаев Мирлан Муктарович илимий иштер боюнча проректор кызмат ордуна; педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишекеев Назаркул мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор кызмат ордуна, ал эми Шерик уулу Дуулат ректораттын аппарат жетекчиси кызмат ордуна дайындалышты.

Шамшиев Алайбек Бурканович – биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор

Дылдаев Мирлан Муктарович – илимий иштер боюнча проректор

Ишекеев Назаркул – мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор

Шерик уулу Дуулат – ректораттын аппарат жетекчиси

Добавить комментарий