2023-жылдын 19-сентябрь күнү Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын журналисттери Борбордук Азияда биринчи болуп ачылып жаткан КУУнун смарт-классы тууралуу түз эфирде айтып беришти.
Ректор Төлөбек Абдырахманов журналисттерге берген интервьюсунда университеттин стратегиялык өнүгүү планынын алкагында аткарылып жаткан иштер жана долбоорлор жөнүндө маалымат берип, Борбордук Азияда эӊ биринчи болуп ачылып жаткан смарт-класс дүйнө жүзү боюнча 50 университетте бар экенин, Улуттук университетке керектүү техникалык жабдыктар ЮНЕСКО-ICHEI долбоорунун алкагында Кытайдан алынып келингенин билдирди. – Жакынкы күндөрү Кытайдан атайын адистер келип, биздин мугалимдерди окутуп кеткенден кийин бул класс колдонууга берилет, – деди Төлөбек Абдырахманов.
Маалыматтык технологиялар борборунун директорунун орун басары Шайлообек Карагулов журналисттерди класстын ичиндеги техникалар менен тааныштырып, төмөндөгүлөргө токтолду:
– Компьютердик класста маалыматтык технологиялар боюнча гана сабактар өтүлсө, смарт-класста математика, химия, биология ж.б.у.с. баардык сабактарды окутулат. Бул жерде бир учурда 50 студентке лекция, семинар, тренинг, мастер-класс жана башка иш-чараларды өтүүгө болот. Смарт-класс аппараттык жана программалык компоненттерден турат. Алар: интерактивдүү сенсордук панель, студенттик терминал (планшет), сервер, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо блогу(UPS), жаздыруу жана көрсөтүү системасы, зымсыз визуализатор, зымсыз микрофондор жана башка аксессуарлар. Смарт-класс окууну башкаруу системасын (LMS) да колдойт жана толук интерактивдүү билим берүү чөйрөсүн түзөт. Алынган жабдуулардын ичинен төмөнкүлөрдү өзгөчө белгилесе болот: үч өлчөмдүү интерактивдүү интеграциялык машина, өнөр жай роботторунун виртуалдык симуляциясын түзүүчү программалык камсыздоо, виртуалдык симуляциялык программалык камсыздоосу бар MR булут платформасы.
Белгилей кетсек, түз эфирдеги берүүнү уюштурууга журналистика жана коммуникация институтунун жамааты зор салым кошту.