2024-жылдын 27-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев башкы имаратта жайгашкан журналистика жана коммуникация институтуна барып, ал жердеги дарсканалар, телестудия, лабораториялар жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, окутуучулар жамааты менен жолугушту.

Аталган түзүмдө аткарылып жаткан иштер, жетишилген ийгиликтер, “Баласагын ТВ” студиясында тартылган жана тартылып жаткан фильмдер, о.э. айрым маселелер тууралуу журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк айтып берди.

Институттун ардагерлери, КР эл жазуучусу, КУУнун ардактуу профессору Абдиламит Матисаков, журналистика кафедрасынын доценти Абдыганы Халилов, телерадиожурналистика кафедрасынын доценти Айна Дуйшекеева, КР эл артисти Молдосейит Мамбетакунов ректорлук кызматка жаңыдан киришкен Догдурбек Чонтоевге куттуктоо сөздөрүн айтышып, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Ректор өз кезегинде журналистика жана коммуникация институтунун жамаатына ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук жана чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова катышты.

Добавить комментарий