2024-жылдын 30-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев ректораттын курамына кирген түзүм жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Окуу жайдын башчысы 1-октябрдан баштап КУУнун бардык кызматкерлерине айлык акыны көтөрүү, окумуштуулар кеңешинин жаңы курамы, эл аралык байланыштар, ректораттагы кадрдык өзгөрүүлөр, КУУнун 100 жылдыгын белгилөөгө байланышкан маселелер боюнча билдирүү жасап, электр энергиясы, күйүүчү-майлоочу заттар, иш сапарына керектелүүчү акча каражаттары сыяктуу бардык нерселер үнөмдөлүп, иштин кызыкчылыгына гана колдонулушу керектигин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда Догдурбек Чонтоев түзүм жетекчилерине ректораттын жаңы аппарат башчысы Шерик уулу Дуулатты тааныштырып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.







